Райым Матраимов УКМКга суракка чакырылды

Учурда сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Айэркен Саймаитиге карата болгон коркутуулар боюнча маалыматтарды толук кандуу жана объективдүү жүргүзүү максатында бардык жагдайларды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов суракка чакырылды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Кылмыш-жаза кодексинин 39 жана 130-беренесинин 1-бөлүгү боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган журналисттик иликтөөнүн материалдары боюнча сотко чейинки териштирүүнүн алкагында ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан тергөө уланууда.

"29-ноябрда Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов күбө катары УКМКга суракка чакырылды", — деп айтылат маалыматта.

Билдирмеге караганда, Матраимов журналисттик иликтөөдө жарыяланган бардык жагдайлар боюнча суралат. 

Учурда сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Айэркен Саймаитиге карата болгон коркутуулар боюнча маалыматтарды толук кандуу жана объективдүү жүргүзүү максатында бардык жагдайларды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Окуянын чоо-жайы

УКМКга сурак берүүгө кирип бара жаткан Райым Матраимов. Сүрөт
21-ноябрда Кытайдан ташылган аткезчилик боюнча бир нече ЖМКнын биргелешкен иликтөөсү жарыяланган. Анда бир тууган Матраимовдор, атап айтканда, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов ишкер Хабибула Абдукадыр менен иш кылганы баяндалат. Материал 10-ноябрда Стамбулда өлтүрүлгөн ишкер Айэркен Саймаитинин көрсөтмөлөрүнө негизделген.

Саймаити бир нече жыл ичинде Кыргызстандан 700 миллион доллардан ашык каражатты чыгарып кеткенин айтып берген. Ишкер өлөр алдында журналисттерге коррупциялык схемалар тууралуу билдирип, аларды далилдей турчу документтердин көбүн берип, айрымына үлгүрбөй калган.

Ал эми 25-ноябрда Бишкек шаарында Ак үйдүн алдына 1000ге чукул киши чогулуп, тынчтык митингин өткөрүшкөн. Алар Райым Матраимовдун камалышын талап кылышкан.