БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Саха (Якутия) Республикасында элди 40 миллионго жакын сомго алдап кетти деген кыргызстандык аял кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
34 жаштагы кыргызстандык аялдын үстүнөн 147 киши арыз жазып, милицияга кайрылган. Ал 38 миллион сомду алдап кетти деп шектелүүдө. Жабыркагандар мындан да көп болушу ыктымал.
Милициянын маалыматы боюнча, шектүү аял 2019-жылы Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы банктардын биринин филиалында алдыңкы адис болуп иштеген. Кызмат абалынан пайдаланып, жоон топ элди сызга отургузуп кеткен аял мамлекеттер аралык издөөгө алынган.
Укук коргоо органдарынын кабарлашынча, жабыркагандардын саны мындан да көп болушу ыктымал.
Учурда шектүү аял кармалып, Кыргызстанга экстрадициялоого даярдык көрүлүүдө. Аталган ишти ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өз көзөмөлүнө алды.
Алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат.