БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Армениянын премьери Никол Пашинян ЖККУга мүчө мамлекет башчыларынын кол тамгаларынын сүрөтүн Facebook баракчасына жарыялады.
Сүрөттүн алдына "Бишкекте өткөн ЖККУ саммитинин жыйынтыгында биз көптөгөн документтерге кол койдук" деп жазган.
Жарыяланган сүрөттө Армениянын премьери Никол Пашиняндын, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун, Белоруссия президенти Александр Лукашенконун, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Россия президенти Владимир Путиндин жана Тажикстандын лидери Эмомали Рахмондун койгон колдорун көрүүгө болот.
Белгилей кетсек, 28-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы алдында ЖККУнун саммити өтүп, анын жыйынтыгында 15 документке кол коюлган. ЖККУга 2020-жылы төрагалык кылуу кезеги Россияга өткөрүлүп берилди.