Конор Макгрегор кайтты. Мушкердин атаандашы менен беттешчү күнү айтылды

Ирландиялык мушкер 2018-жылы россиялык спортчу Хабиб Нурмагомедов менен беттешип жеңилип калган. Ошондон бери октагонго чыга элек болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор UFC 246 турниринде октагонго чыгып, америкалык спортчу Дональд Серроне менен беттешет. Бул туурасында ESPN кабарлады.

Мындай маалымат UFC уюмунун Instagram баракчасына да жазылган.

Бул боюнча келишимге кол коюлгандыгы туурасында маалымалды. Эки мушкер 2020-жылдын 18-январында беттешмекчи.

​Конордун мурдагы кармашы россиялык спортчу Хабиб Нурмагомедов менен 2018-жылы болуп, анда жеңилип калган.

Бул сапар беттеш орточо салмак категориясында өтөт.

Серроне 2016-2019-жылдары орточо салмак менен чыгып келген. Акыркы ирет ал мекендеши Жастин Гэтжиге утулуп калган.