Кадыр Атамбаев: атамды сотко бүгүн алып келишерин билген эмеспиз

Буга чейин Алмазбек Атамбаев эки ирет сотко келүүдөн баш тарткан. Ал эми мунусунда кандайча макул болгону азырынча айтыла элек.
Sputnik

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Мурунку президент Алмазбек Атамбаев сотко алып келинерин үй-бүлөсү билген эмес. Бул тууралуу анын кичүү уулу Кадыр Атамбаев журналисттерге билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн, 29-ноябрда, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча мурдагы президент Биринчи Май райондук сотуна алып келингенин адвокаттары айтып берген. Азырынча соттук процесс баштала элек.

"Атамдын сотко алып келинерин билген эмеспиз. Байкашымча, журналисттер деле ушул жерге келгенде билген окшойт", — деди Кадыр Атамбаев.

Ушул тапта сотто Атамбаевдин улуу баласы Сеид Атамбаев да жүрөт.

Буга чейин Алмазбек Атамбаев эки ирет сотко келүүдөн баш тарткан. Ал эми мунусунда кандайча макул болгону азырынча айтыла элек.