Ишембиге карата аба ырайы

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүп, жолдор тайгак, тоңголок болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Ишемби, 30-ноябрда, республикада жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө -3...+2, Талас жергесинде -1...+4, Нарын аймагында 0...-5 градус суук, Ысык-Көлдө +2...+7, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +3...+8 градус жылуу болот.

Бишкек, Ош шаарларында күн ачык болору айтылды. Борбор калаада күндүн табы -1…+1, Ошто +6…+8 градуска көтөрүлөт.