БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын борборундагы "Ала-Тоо" аянтына башкы балатынын металл каркастары кураштырып, коюла баштады. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Жаңы жыл майрамынын бул атрибутун орнотуу "Бишкек свет" жана "Тазалык" ишканаларына тапшырылган. Анын узундугу 27 метрди, диаметри 12 метрди түзүп, "Жаңы жылдык белек" деген аталышта кооздолмокчу.
Мэриядан балаты кызыл тасма менен оролуп, банттар тагыларын айтышты. Бул атайын даярдалган белекти элестетет. Күйүп-жанган диоддуу шнур-лампалар тартылып, шар жана кар бүртүктөрү тагылат.
Балатыдан башка "2020" деп жазылган ири сандардын инсталляциясы жаңы жылдык башка белгилер менен кошо орнотулат. Мындан сырткары, былтыркы бугулар да болот.
"Ала-Тоодон" сырткары "Ынтымак" паркында да балаты пайда болуп, калаанын түштүк тарабында жашагандарга жагымдуу маанай тартуулайт. Ал борбордук бөлүгүнүн батыш жагына коюлат. 12 метрлик жасалма балатынын материалдары кар, суукка туруштук бере аларын айтышты.