Сак болуңуз! Банкоматка байланыштуу алдамчылыктын жаңы ыкмасы чыкты

Адистин айтымында, шылуундар буга атайын даярданып алып, киши көп келбеген банкоматтын жанында топтошуп, кылтакка илинчү адамды күтүшөт.
Sputnik

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Шылуундар банк картасына байланыштуу алдамчылыктын жаңы ыкмасын ойлоп табышты. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, алдамчылыктын бир канча жолу бар, бирок схемасы бирдей эле. Мисалы, банкоматта сиздин алдыңызда турган адам бир нече кадам ары баскан соң кайрадан кайтып кетип банкоматта картасы калып калганын айтат.

Ал эми карта салынган жер "жутуп" ала турганын билдирип күйүп-өчүп белги берет. Ошол учурда сиз жаныңыздагы кишиге жардам иретинде картасын алып бере каласыз.

"Ал дароо картасын текшерет дагы ичиндеги акчасы жок экенин айтып, сизге доомат артат. Жаныңарда турган бейтааныш киши (шылуундун өнөктөшү — ред.) күбө катары сиздин бөлөк бирөөнүн картасын пайдаланганыңызды айтып туруп алат", — деп жазылат макалада.

Ошентип "жабырлануучу" милиция чакырам деп ызы-чуу салат.

Кадышева: банкомат картаны "жутуп" алса ызы-чуу салуунун кажети жок
"Известия" басылмасына ИИМдин полковниги Евгений Черноусовдун айтымында, шылуундар буга атайын даярданып алып, киши көп келбеген банкоматтын жанында топтошуп алып, кылтакка илинчү адамды күтүшөт.

Негизгиси мындай кырдаалга кабылган адам паникага алдырбай, өзү демилгечи болуп милиция чакырышы керек. Биринчиден, банкоматтын камерасы бар. Экинчиден, карта аркылуу аткарылган ар бир операция банкта каттоого алынат. Демек сиздин бирөөнүн акчасын уурдабаганыңызды далилдөө өтө жеңил.