Балтика мамлекеттери аларга жакпаган журналисттер менен кантип күрөшүүдө. Видео

Эстониянын бийлиги Sputnik агенттигинин журналисттерин кодулоодо. Сайттын кызматкерлерин аккредитациядан өткөрбөй, маалымат бербей, жада калса полиция аркылуу кеңсенин ээсин редакция менен келишимди токтотууга мажбурлашууда.
Sputnik

Мамлекеттик органдардын кийлигишүүсү менен Россиядан которулган акчалар тоңдурулду. Мындан улам Sputnik Эстония агенттигинин кызматкерлери айлык ала албай жатышат.

"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы редакторунун орун басары Андрей Благодыренко кырдаал тууралуу НТВ телеканалынын эфиринде айтып берди.

"Алардын пикиринде "Россия сегодня" агенттиги Балтика өлкөлөрүндөгү кызматкерлерине төлөгөн акча таза эмес, террористтик болуп саналат экен", — деди Благодыренко.

Ал белгилегендей, Эстонияда ЖМКлардын иши юридикалык жактан иретке келтирилип, каттоодон өтпөйт.

"Кайсы бир аткаминердин оюна туура келсе сени пропагандист деп айыптап коюшу мүмкүн", — деди Благодыренко.

Вышинский Украинада Соловьевго каршы козголгон иш боюнча пикирин айтты
Балтика өлкөлөрүндө мындай көрүнүш биринчи жолу кайталанып жаткан жок. Жазында Вильнюстун аэропортунан Sputnik Литванын шеф-редактору Марат Касемди кармап кетишкен.
Анын россиялык атайын кызматтар менен байланышынын бар-жогуна кызыгышкан. Касем аларга "мен Жеймс Бонд эмес, журналистмин" деп жооп берген. Бирок Литванын бийлиги ал улуттук коопсуздукка коркунуч жаратат деп, мамлекетке беш жыл кирүүгө тыюу салган.

Бир жыл мурда Sputnik Латвиянын шеф-редактору 12 саат сурак берген. Бийликтегилер Sputnik агенттигине гана эмес, россиялык башка ЖМКлардын да ишине тоскоолдук жаратып келет.