Путин: тынчтыкты камсыздоого өзгөчө көңүл буруу керек

ЖККУнун негизги максаты — аталган биримдикке кирген өлкөнү тышкы саясий агрессиядан, эл аралык террорчулуктан жана жаратылыш кырсыктарынан сактоо.
Sputnik

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин тынчтыкты камсыздоо маселесин көтөрдү. Ал ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Бишкекте өтүп жаткан жыйынына катышууда.

Путин ЖККУнун тынчтыкты камсыздоо боюнча потенциалына өзгөчө көңүл буруу керектигин белгилеген.

"ЖККУнун бөлүмдөрү БУУнун колдоосу менен тынчтык операцияларына катышуусу үчүн нормативдик-укуктук документтерди даярдоону улантууну сунуштайбыз", — деди Путин.

ЖККУга мүчө өлкөлөр — Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан. Уюмдун негизги максаты — аталган биримдикке кирген өлкөнү тышкы саясий агрессиядан, эл аралык террорчулуктан жана жаратылыш кырсыктарынан сактоо.