БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчылары тар чөйрөдөгү жолугушууда эмне тууралуу сүйлөшкөнүн айтты.
Эске салсак, Бишкекте ЖККУнун саммити өтүп, ага Кыргызстан төрагалык кылууда. Тараптар алгач тар чөйрөдө жолугуп, андан кийин кеңири курамда жолугушту.
"Биз конструктивдүү жана ишенимдүү формада бир нече маселелерди талкууладык. Аймактагы жана глобалдык коопсуздук боюнча актуалдуу маселелерди ачык сүйлөштүк. Күн тартибине коюлган бардык маселелер боюнча өз ара түшүнүшүү болду", — деди Жээнбеков.
Ал ошондой эле президенттер учурдагы чакырыктар менен коопсуздукка коркунуч туудура турчу аракеттерге каршы чараларды көрүү боюнча пикир алышуу болгонун кошумчалады. Ошондой эле кийинки жылга карата иш-аракеттердин актуалдуу багыттары аныкталган.