Достордун санын көбөйтүү керек. Путин ЖККУнун пландары менен бөлүштү

Россия президенти жакында каалоосу бар өлкөлөр ЖККУга байкоочу жана өнөктөш болууга мүмкүнчүлүк аларын билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Бишкекте өтүп жаткан ЖККУ саммитинде Россия президенти Владимир Путин уюмдун мындан аркы пландары тууралуу айтты.

"Россия кызыкдар мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен кызматташтыгын күчөтүү жолу аркылуу достордун санын көбөйтүүгө аракет кылат. Эске салсам, былтыр башка өлкөлөргө ЖККУга байкоочу жана өнөктөш болууга мүмкүнчүлүк берген документтерге кол койгонбуз", — деди Путин.

Россия лидери кошумчалагандай, аталган документтер ратификациялангандан кийин ЖККУ менен кызматташкысы келген өлкөлөр менен мамиле кура баштаса болот.

Эскерте кетсек, Кыргызстан аталган уюмга төрагалык кылуу укугун Россияга өткөрүп берди.