Токио Олимпиадасына барчу спортчулар үчүн 65 млн. сом бөлүнөт

Бүгүнкү күндө Япониянын борборунда өтө турган Олимпиадага катышуу үчүн кыргызстандык төрт спортчунун жолдомосу бар.
Sputnik

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Токио шаарында өтө турган Олимпиада оюндарына бара турган кыргызстандык спортчуларга 65 миллион сом бөлүнөт. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин төрагасы Эмил Токтошев билдирди.

Акыркы эки оюндан кийин КР командасынын FIFA рейтинги кандай өзгөрөт
Анын айтымында, олимпиадага даярдык көрүү жана катышуу үчүн бюджеттен 60 миллион доллар бөлүнөт. Ал эми спортчулардын кийип чыга турган формасына тиктирүүгө 5 миллион сом каралган.

Белгилей кетсек, учурда 2020-жылкы Токио Олимпиадасына балбандар Атабек Азисбеков менен Айсулуу Тыныбекованын жолдомосу бар. Андан башка, сууда сүзүүчү Денис Петрашов менен жөө күлүк Юлия Андреева да лицензия алган.