Абал курч! Сооронбай Жээнбеков коопсуздук маселесине басым жасады

Өлкө башчы Кыргызстан Россиянын аймакта жана дүйнө жүзүндө коопсуздукту сактоо боюнча дамилгесин колдой турганын билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков дүйнөдөгү коопсуздук көйгөйлөрүнө тынчсызданды. Бул тууралуу ал ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясында айтты.

"Дүйнөдө коопсуздукту камсыздоо маселеси орчундуу бойдон калууда. Орто жана кыска аралыкка учуучу ракеталарды ликвидациялоо келишимин жокко чыгаруу, ошондой эле Стратегиялык чабуул жасоочу куралдарды кыскартуу жана чектөө келишиминин түшүнүксүз перспективалары азыркы куралдарды көзөмөлдөө механизмине түшүнүксүз нерселерди таңуулайт", — деди президент.

Биринчи орунга коелу. Путин баңгизаттарын соодалоого каршы күрөшүү көйгөйүн көтөрдү
Жээнбековдун айтмында, бул нерсе жаңы дүйнөдө абалдын чыңалуусуна алып келиши ыктымал.

"Кыргызстан Россиянын аймакта жана дүйнө жүзүндө коопсуздуктуу сактоо боюнча дамилгесин колдойт", — деди өлкө башчы.

ЖККУга мүчө өлкөлөр — Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан. Уюмдун негизги максаты — аталган биримдикке кирген өлкөнү тышкы саясий агрессиядан, эл аралык террорчулуктан жана жаратылыш кырсыктарынан сактоо.