БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылары өз өлкөсүнүн аскерлерин Кызыл аянтта боло турчу Жеңиш парадына катышуу идеясын колдоого алды. Бул тууралуу ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясында Россиянын президенти Владимир Путин билдирди.
Путин өз сөзүндө фашизмди жеңүүдөгү Советтер Союзунун элдеринин чечкиндүү ролу боюнча объективдүү маалыматтарды таратууга өзгөчө көңүл бура турганын белгиледи.
Россиянын президенти, андан тышкары, жакында эле БУУнун Башкы ассамблеясынын профилдик комитети фашизм менен күрөшүүдөгү эрдик жөнүндөгү резолюцияны кабыл алганын айтты.
"Макул" деп 121 мамлекет добуш берген. Мен резолюцияны колдогон жана анын авторлошу болгон ЖККУ мүчөлөрүнө ыраазычылыгымды билдирем", — деди Путин.
Эске салсак, ЖККУга быйыл Кыргызстан төрагалык кылып, анын Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясы Бишкекте өттү. Армениянын, Белоруссиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын жана Тажикстандын лидерлери эл аралык жана аймактагы коопсуздук маселелерин талкуулашты. Анда сырткары, тажик-афган чек арасы, уюмдун аскерий мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүү боюнча да кеп козголду.