БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Россия лидери Бишкекте өтүп жаткан ЖККУга мүчө өлкө президенттеринин жолугушуусунда баңгизаттарды соодалоо темасын көтөрдү.
"ЖККУнун активдүү ишмердүүлүгүнүн негизги иштеринин бири катары баңгизаттарды айлантууга каршы аракет деп эсептейбиз. 2021-2025-жылдарга карата ЖККУнун баңгизаттарга карата жаңы, актуалдашкан стратегиясын түзүүнү демилгелөөгө ниеттенип жатабыз. Анда баңгизаттарын соодалоо жана өндүрүүнүн жолдорун кескин түрдө бууп, чек ара тартиптерин бекемдөө каралат", — деди Путин.
Жамааттык коопсуздук жаатындагы уюмду түзүү келишимине 27 жыл мурда, 1992-жылдын 15-майында, кол коюлган. ЖККУнун башкы максаты — аталган биримдикке кирген өлкөнү тышкы саясий агрессиядан, эл аралык террорчулуктан жана жаратылыш кырсыктарынан сактоо. Уюмда ар бир өлкөнүн добушу бар, бардык маселе же суроо консенсус менен чечилет. Союздаш мамлекеттер бири-бирине кыйын учурда жардамга келүүгө даяр.
Бул уюм туурасында кеңири маалымат алууну каалагандар Sputnik Кыргызстандын видеоинфографикасынан көрсө болот.
Sputnik Кыргызстандын түз алып берген баяндамасынан ЖККУнун Бишкектеги саммити кандай өтүп жаткандыгын окуп жана көрө аласыз.