Футболчу атаандашын бир сүзүп, андан кийин тиштеп алды. Видео

Парагвайдын "Сьерро Портеньо" клубунун коргоочусу Фернандо Аморебьета атаандашынын башын тиштеп алгандыгы үчүн оюндан четтетилди.
Sputnik

Окуя Парагвай чемпионатынын алкагында болуп жаткан мелдештин 87-мүнөтүндө болду. Кийин бул учурдун видеосу Futbolero2012 YouТube каналына жүктөлгөн.

Футболчулар жөөлөшүп, трибуна жаңырып. Кыргыз-тажик беттешинен кызыктуу видео
Аморебьета оюн талаасында "Олимпиянын" коргоочусу Нестор Камачо менен чатакташа кеткен. Алгач ал атаандашын башы менен сүзөт. Мунусун калыс көрбөй калат. Көз ачып-жумгуча кайра алдында турган футболчунун төбөсүнөн тиштеп алат.

RT каналынын маалыматына караганда, кийин ал оюндан четтетилип, жыйынтыгында командасы 2:4 эсебинде утулуп калды.