"Ош электр" ишканасы туумду кечүү акциясын жарыялады

Туум төлөгүсү келбегендер арыз менен райондук электр тармагына жана Ош шаардык электр энергиясын сатуу мекемесине кайрылуусу зарыл.
Sputnik

ОШ, 28-ноя. – Sputnik. "Ош электр" ишканасы Кыргызстандын энергетикасынын 85 жылдыгына карата туумдарды кечүү акциясын жарыялады. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматынан билдиришти.

Акция 2019-жылдын 25-ноябрынан 2020-жылдын 25-январына чейин жүргүзүлөт.

Аталган кадам калк жана бюджеттик мекеме-ишканалары үчүн жасалып, алар электр кубатына карызынан толук кутулгандан кийин туум кечирилет.

Акцияга катышуу үчүн керектөөчүлөр арыз менен райондук электр тармагына жана Ош шаардык электр энергиясын сатуу мекемесине кайрылуусу зарыл.