Бишкектеги орус драма театры оңдолот

1935-жылы Кыргыз ССРинин өкмөтү өз алдынча орус драма театрын түзүү боюнча токтом кабыл алган. Бул театр өлкө боюнча жападан жалгыз орус драма театры болуп эсептелет.
Sputnik

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрынын оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн долбоордун сметасы даярдалып бүттү. Эми жакында ремонт иштери башталарын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, адистер театрдын азыркы абалы жана анын алгачкы турпатын карап туруп оңдоо иштери боюнча чечим кабыл алышат. Ошондой эле тегерегинде мыйзамсыз курулган объектилерди алып салуу жана театр кызматкерлерине керектүү шартты түзүп берүү маселеси каралып жатат.

Ош улуттук драма театры оңдолуп жатат. Сүрөттөр
1935-жылы Кыргыз ССРинин өкмөтү өз алдынча орус драма театрын түзүү боюнча токтом кабыл алган. Бул театр өлкө боюнча жападан жалгыз орус драма театры болуп эсептелет.

Өлкөнүн театр искусствосун өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы жана улуттар ортосундагы  достукту бекемдөөгө кошуп жаткан аракети эске алынып, 2007- жылы "улуттук" статусу берилген. Ал эми 2008-жылы Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылган.