Абылгазиев: айрым мугалимдердин айлыгына 13 миң сомго чейин кошулду

2020-жылкы бюджетте педагогдордун кошумча маянасы үчүн 8 миллиард сом каралган. Ал эми Кайгуул милициясынын кызматкерлеринин айлыгын жогорулатууга 194 миллион сом бөлүнгөнү айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Быйыл октябрь айында мугалимдердин айылыгы көбөйгөндөн кийин кээ бирлерине 13 миң сомго чейин кошулду. Бул туурасында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин жыйынында билдирди.

Бүгүн депутаттар 2019-2020-жылдарга карата өлкө бюджетин бекитүү мыйзамын талкуулап жатат. Анда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков маяна маселесине кызыкты.

Абылгазиевдин айтымында, 2020-жылкы бюджетте педагогдордун кошумча маянасы үчүн 8 миллиард сом каралган.

"Тажрыйбасы, сааты аздарга 3500 сом, негизгиси 4500-5000 сомдун тегерегинде кошулду. Тоолуу аймактагы мектептерде иштеген мугалимдер 11-13 миң сомго чейин көп алып калышты", — деди өкмөт башчы.

Ноябрдан тарта билим берүү тармагында айлык берүү автоматташтырыла баштайт
Ал эми октябрда кошулган пенсиялык төлөмдүн эң азы 325 сом болсо, алды 2000 сомго жеткенин айтты. Кээ бирлеринин пенсиясы 5000 сомго чейин көбөйтүлгөн.

Өкмөт башчынын айтымында, спорт тармагында машыктыруучулардын маянасы 50 пайызга чейин жогорулаган. Улуттук илимдер академиясында иштегендердин айлыгы 30 пайызга жогорулаган. Ошондой эле маданият кызматкерлери да көбүрөөк маяна ала баштаган.

Мындан сырткары, Кайгуул милициясынын кызматкерлеринин айлыгын жогорулатууга 194 миллион сом бөлүнгөнү айтылды.