Макрондун Путинге жазган каты. Европа өткөн нерсенин кайталанышын каалабайт

Париждин позициясы тууралуу жеке пикирин Sputnik радиосунун эфиринде эксперт Павел Тарусин билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Франция президенти Эммануэль Макрон россиялык кесиптеши Владимир Путиндин Европага орто жана кыска аралыктагы ракеталарды жайгаштырууга мораторий киргизүү боюнча сунушун карап чыгууга даяр. Бул тууралуу Макрондун Путинге жазган катына таянуу менен Frankfurter Allgemeine

Үңүлбөй эле, үстөмдүгүн артып... Эксперт АКШнын Түркияга жасаган басымы тууралуу
Россия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун буга чейинки билдирүүсү боюнча, Владимир Путин Европа менен Азиянын негизги мамлекеттеринин жетекчилерине орто жана кыска аралыктагы ракеталар боюнча кайрылуу жолдогон.

Гезиттин жазганына караганда, Франция президенти 23-октябрь күнү катка жооп жазып, Путиндин сунушун дыкат карап чыгууну убадалаган. Андан тышкары, аны эки жана көп тараптуу форматта талкуулоого даярдыгын айткан.

Париждин позициясы кийинки сүйлөшүүлөргө жол ачат деген пикирин МГУнун мамлекеттик башкаруу факультетинин окутуучусу Павел Трусин Sputnik радиосуна билдирди.

"Макрон Россия менен элдешүү, алаканы жакшыртуу саясатын улантууда. Мунун баары Европада куралдуу кагылыштын ыктымалдуулугун төмөндөтөт. Албетте, өткөн кылымдын 70-жылдарында Борбордук жана Батыш Европада биздин "Пионер" жана Американын "Першинг" ракеталарынын жайгашып турган учурун Европа унута элек, ал окуялардын кайталанышын каалабайт. Анын үстүнө Макрондун НАТОго карата мамилеси да олку-солку. Франция президентинин позициясы куралдуу кагылыштардын алдын алуу, мамлекеттик бюджетке оорчулук келтирбөө жана Европадагы коопсуздуктун деңгээлин төмөндөтпөө үчүн сүйлөшүүлөргө аянтча табууга мүмкүнчүлүк берет", — деди Трусин.

Белгилей кетсек, 2-август күнү орто жана кыска аралыктагы ракеталарды жок кылуу боюнча Келишимдин мөөнөтү аяктаган. Демилге келишимдин шартын аткарган жок деп Россияны күнөөлөп, жыл башында келишимден чыгуу тууралуу айта баштаган АКШга таандык. Москва коюлган айыптардын баарын четке кагып, макулдашуунун шартын америкалыктар аткарбаганын айтып доо коюп келет.

Россия АКШ Франция Эммануэль Макрон Владимир Путин кат ракета Европа