Россия Кыргызстандан ЖККУдагы төрагалыкты өткөрүп алды

Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кезектеги саммити өтүп, ага Кыргызстан төрагалык кылды.
Sputnik

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын президенти Владимир Путинди ЖККУга төрагалыкты өткөрүп алышы менен куттуктады.

Эске салсак, Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кезектеги саммити өтүп, ага Кыргызстан төрагалык кылды.

"Учурдан пайдаланып, Владимир Владимировичти ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешине төрагалыкты алышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалайм", — деди Жээнбеков.

Биринен бири өтөт! Президенттердин Бишкекке түшүп келген учактары сүрөттө
Ал Россиянын төрагалык кылышы уюмдун 2020-жылда жасай турчу иштерине жакшы импульс берерине ишенерин айтса, өз кезегинде Путин Кыргызстанды быйылкы жылды ийгиликтүү өткөрүп алышы менен куттуктады.

"Россия тараптын уюмдун идеяларын улантарын ишендирип кете алам. Андан сырткары, конструктивдүү жана мазмундуу иштер уланат", — деди Путин.

Белгилей кетсек, ЖККУга Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан мүчө.