БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Жума күнү, 29-ноябрда, түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым райондорунда бир аз кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда күн ачык болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө 0...-5, Талас жергесинде -3...+2, Нарын аймагында -1...-6 градус суук, Ысык-Көлдө 0...+5, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында 3...8 градуска жылыйт.
Бишкек, Ош шаарларында жаан-чачын жаабайт. Борбор калаада термометрдин көрсөткүчү 0…-2 градуска төмөндөсө, Ошто +5…+7 градус жылуу болот.