Президенттерден тартынбайт, уялбайт. Айтматовдун небереси тууралуу

Үстүбүздөгү жылдын март айында жазуучунун небереси коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурган. Ал Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Путиндин жанында кебете-кешпирин бузуп сүрөткө түшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 28 ноя — Sputnik. Кечээ, 27-ноябрда, Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Касым-Жомарт Токаев келди.

Кыргызстандын президентинин маалымат кызматы саясатчылардын сүрөтүн жарыялады. Анда Чыңгыз Төрөкуловичтин небереси Сулайман колдорун артка алып, объективди карап турганын көрүүгө болот.

Үстүбүздөгү жылдын март айында Сулаймандын президенттер Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Путин менен түшкөн сүрөтү элдин көңүлүн бурган. Анда жазуучунун небереси кебете-кешпирин бузуп, колдорун жаңсаган учуру сүрөткө түшүп калган. Кадрдан жеткинчектин артында ийинине колун койгон Путиндин турганын көрүүгө болот. Интернет колдонуучулар сүрөттө эки президент болгону менен баары бир алар башкы ролдо болбой калганын жазышкан.

Жазуучунун уулу Элдар Айтматов Путиндин сапарынан кийин Сулайман музейде президенттер менен өзүн кандай алып жүрүшү керектигин жакшы түшүнүп калганын Sputnik агенттигине айтып берди.

"Биздин балдар үйдө жүргөндө, албетте, бейбаштык кылышат. Бирок музейге келгенде өздөрүн жоопкерчиликтүү алып жүрүшөт. Сулайман бизге түрдүү коноктор — элчилер, окуучулар, ар кайсы өлкөлөрдүн биринчи адамдары келип турарын билет. Ага үйдү көрсөтүп берген жагат, өзүн музейдин кызматкери катары сезет", — деди Элдар Айтматов.
Президенттерден тартынбайт, уялбайт. Айтматовдун небереси тууралуу

Сулайман азырынча бала бакчага барат. Келерки жылы биринчи класстын босогосун аттаганы турат. 

Президенттерден тартынбайт, уялбайт. Айтматовдун небереси тууралуу
"Башка заманбап балдардай эле ал дагы убактысын компьютердин алдында өткөрүп, башка девайстарга кызыгат. Конструкторлорду аябай жакшы көрөт, сүрөт дагы тартат. Акбаранын көз жашын окуп бер деп сурана берет. Бала бакчага оюнчугун көтөрө кетип кайра куру кол келет. "Кана" деп сурасаң "досторума белекке берип койдум" деп жооп берет. Аябай боорукер. Кээде ага дагы достору оюнчугун берип калат, аны бизге келип көрсөтөт", — деди Айтматов.
Президенттерден тартынбайт, уялбайт. Айтматовдун небереси тууралуу

Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи 2014-жылы Бишкекте ачылган. Аны каалоочулардын бардыгы көрө алат.