Бишкекте милициянын автокөлүгүн башка унаа сүзүп салды. Сүрөт

Окуя болгон жерде Тез жардамдын кызматкерлери иштеп жатат. Милицияга таандык унаанын сол жагы мыйрыйып, дөңгөлөгү жарактан чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда жеңил унаа кайгуул милициясынын автокөлүгүн сүзүп алды.

Жол кырсыгы бүгүн, 28-ноябрь, болжолу менен саат 9:00дө Чүй проспектисинин Манас проспектисине жакын жеринде болгон. Сүрөттөн милицияга таандык унаанын сол жагы менен дөңгөлөгүнүн мыйрыйып калганын көрүүгө болот. Окуя болгон жерде Тез жардамдын кызматкерлери иштеп жатканы маалым болду.