Биринен бири өтөт! Президенттердин Бишкекке түшүп келген учактары сүрөттө

Кыргызстандын борбору Бишкек шаарына төрт мамлекеттин президенттери менен бир өлкөнүн өкмөт башчысы келди. Борбор калаада ЖККУ саммити өтүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Бишкекте бүгүн, 28-ноябрда, Жамааттык коопсуздук кеңеши боюнча уюмга мүчө өлкө башчыларынын саммити өтүп жатат. Ага президент Сооронбай Жээнбеков төрагалык кылууда.

Иш-чарага Кыргызстанды кошпогондо Белоруссия, Казакстан, Россия жана Тажикстан президенттери менен Армениянын премьер-министри катышып жатат. Жолугушуу мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында өтүүдө.

Sputnik Кыргызстан эл башкарган жакшылар кандай учак менен келгенине байкоо салды.

ЖККУ саммити: Жээнбеков президенттер өздөрүнчө эмне тууралуу сүйлөшкөнүн айтты
Биринчилерден болуп Бишкекке Казакстан башчысы Касым-Жомарт Токаев  Airbus A321-211(CJ) менен 27-ноябрда конду. Ал Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келип түшкөн. Аны Жээнбеков тосуп алды.

Александр Лукашенко, Эмомали Рахмон жана Никол Пашинян Бишкекке 27-ноябрдын кечинде келишти. Аларды "Манас" эл аралык аэропортунан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

ЖККУнун Коопсуздук кеңешинде дүйнөнү түйшөлдүргөн коопсуздук жана чек ара маселелери талкууланмакчы. ЖККУга быйыл Кыргызстан төрагалык кылса, келерки жылы Россияга өтөт