Бегимай Карыбекова Emporio Armani брендинин модели болду

Модель буга чейин эл аралык бир катар агенттиктер менен келишим түзгөн. Өткөн жылы Миланда өткөн мода жумалыгына катышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. "Кыргызстан сулуусу — 2017" сынагынын жеңүүчүсү Бегимай Карыбекова италиялык Emporio Armani брендинин модели болду. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жарыялады.

"Модель тармагындагы эмгегим жемишин бере баштады. Emporio Armani брендинин модели болдум. Кудайга шүгүр", — деп жазды ал.

Анын Instagram баракчасындагы видеого караганда, бренд үчүн уюштурулган кастинг кечээ, 27-ноябрда, Миланда өткөн.

Карыбекова буга чейин эл аралык бир катар агенттиктер менен келишим түзгөн. Өткөн жылы Миланда өткөн мода жумалыгына катышкан. Ал "чоң төрттүктөгү" үчүнчү ири иш-чара болуп эсептелет. Анда ал белгилүү дизайнер Брунело Кучинеллинин коллекциясын кийип чыккан.

Giorgio Armani s.p.a. компаниясы 1975-жылы италиялык модельер Жорджо Армани менен ишкер Серджо Галлеоти тарабынан негизделген. Компания Giorgio Armani, Emporio Armani, Armani Exchange, Armani Jeans, Armani Junior, Armani Casa бренддери менен кийим-кече, бут кийим, эркектер, аялдар жана балдар үчүн түрдүү аксессуарларды чыгарат.

Армани өзүнүн атындагы биринчи коллекцияны 1974-жылы чыгарган. Ал эми 2005-жылы "от кутюр" линиясындагы Armani Privé кийимдерин сатыкка койгон. Модельер Италиядагы эң бай адамдардын катарына кирет. Forbes журналынын маалыматына караганда, анын байлыгы 7,6 миллиард евро деп бааланат.