Баш жазууга миңдин бири болгон азыктар аталды. Изилдөө

Адистердин айтымында, ичимдик ичкенде организмге кирген этанол (алкоголь) ацетальдегид затына алмашат. Андыктан адам өзүн жакшы сезиши үчүн ацетальдегидди организмден чыгарышы керек.
Sputnik

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Индиянын Мумбай шаарындагы химиялык технология институтунун окумуштуулары баш жазууда эң жакшы жардам берген азыктарды атады. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

Немец соту баш жазуу каалоосун оору деп тапты
Адистердин айтымында, ичимдик ичкенде организмге кирген этанол (алкоголь) ацетальдегид затына алмашат. Андыктан адам өзүн жакшы сезиши үчүн ацетальдегидди организмден чыгарышы керек.

Чогулган заттарды организмден чыгарууга алмурут, кокос, лайм, сыр, помидор, какао, финик, имбирь жана бадыраң жардам берет. Андан тышкары, баш жазууга кара чай менен көк чай да миңдин бири.

Эксперттер ичимдик ичкендин эртеси жүгөрү, жумуртка, С витаминин, жаңгак, кофе жана сүт ичүүгө таптакыр болбой турганын эскертишет.