Кыргызстандан бир жылда 150 миң тонна алтын, күмүш рудасы чыгарылган

Эл өкүлү баалуу металлдардан алтын менен күмүш эле эмес, иш жүзүндө башка элементтер да чыгарылып жатканын белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров концентрат, рудаларды өлкөдөн чыгарып кетүүгө тыюу салууну сунуштады. Анын айтымында, жетишээрлик көзөмөл жок болгондуктан чет өлкөлүк компаниялар баалуу элементтерди да кошуп алып кетишүүдө.

Кумтөрдө 5 миллиард долларлык алтын калды
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов компаниялардын ишин токтотуу оңой эмес экенин белгиледи.

Анын айтымында, 2018-жылы 9 компания Кыргызстандан 71 миң тонна концентрат, 79 миң тонна руда чыгарып кеткен. Ал эми быйыл 8 компания 64 миң тонна концентрат, 111 миң тонна руда ташып кеткен.

Бакиров баалуу металлдардан алтын менен күмүш эле каттоого алынып жатканына нааразы болуп, иш жүзүндө башка элементтердин да ташылып жатканын белгиледи.

"Анын ичинде осми деген бар. Бир граммы эле 100 миң доллардан 200 миңге чейин бааланат. Ошону Казакстан экспортко чыгарып, дүйнө жүзү боюнча биринчи орунда турат. Бизде чыгып жаткан рудалардын ичинен ушул сыяктуу элементтерди билбей калып жатасыздар", — деди депутат.

Ошол эле учурда биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов жооп берип, тоо-кен тармагынан салык көп түшкөндүктөн, алардын ишин токтотуу бюджеттин киреше бөлүгүнө катуу таасир этерин белгиледи.