Трамп импичмент анын шайлоодо жеңишине жардам бере тургандыгын айтты

Трамп кызматтан кетсин деген жактын бир катар тарапкери импичмент процедурасы президенттин келерки шайлоодогу позициясын бекемдеши мүмкүн деген кооптонуусун айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Америка президенти Дональд Трамп демократтар демилгелеген импичмент анын 2020-жылдагы шайлоодо жеңишке жетерине жардам берет деген билдирүүсүн айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Демократ шайлоочулар Трамптын импичментин бир добуштан колдой тургандыктарын билдирсе, республикачылар каршы чыгууда.

Трамп кызматтан кетсин деген жактын бир катар тарапкери импичмент процедурасы АКШнын азыркы президентинин келерки шайлоодогу позициясын бекемдеши жана электоратты бириктирүүсү мүмкүн дешти.

"Бул бизди түз эле жеңишке алып барат деп ойлойм. Акыркы эки аптада жеңип алдык", — деген президент конгрессте импичмент боюнча угуу болуп жаткан учурда.

Трамптын импичменти

Конгресстеги демократтар Трампка импичмент жарыялоо туурасында демилге көтөрүп, аракетин баштаган. Оппоненттер Ак үйдүн азыркы ээсин шайлоодогу мурунку саясий аттандашы — Жо Байденди каралоо үчүн чет мамлекеттен жардам сураган деп күнөөлөгөн. Ал эми Трамптын өзү муну танып, четке кагууда.

Трамп менен Украина президенти Владимир Зеленскийдин телефондон сүйлөшүүсү да чоң чырдын башы болгон. Ал гезит-журналдарга чыгып кеткенден кийин чалгын кызматынын өкүлү муну кооптуу деп белгилеп, жетекчисине кат жөнөткөн.

Төңкөрүш! Трамп өзүнүн импичменти боюнча демилгеге жаңы саясий түс берди
Алгач телефондон эмне деп сүйлөшкөнү элге жайылып, андан соң жазылган арыз чыккан. Стенограмма Трамп Зеленскийди Украинанын мурдагы башкы прокурору Виктор Шокиндин кызматтан кетүүсү боюнча иликтөө жүргүзүүнү суранганын тастыктаган. Шокин Burisma Group деп аталган компаниянын ишмердүүлүгүн иликтеген. Ишкананын директорлор кеңешине АКШнын мурдагы вице-президенти Жо Байдендин уулу Хантер Байден кирген.

АКШнын Конституциясына ылайык, импичменттин процедурасында палатанын өкүлдөрү иликтөө жүргүзүп, анын жыйынтыгын Конгресстин жогорку палатасы — сенат карайт.

Эгерде аны күнөөлөө эл өкүлдөр палатасы тарабынан бекитилип калса, сенатка берилет. Алар мамлекеттин башчысынын тагдырын чечкен акыркы чечимди чыгарат. Учурда палата өкүлдөрүндө демократтардын өкүлдөрү көп, ал эми сенатта республикачылар арбын.