Үй-жайсыз калган 12 кишинин өлүмү. Министрлик сууктан үч адам көз жумганын айтты

Кыргызстанда азыр абанын температурасы 10 градус суукту көрсөтүп жатат. Бишкекте мындан улам тоңуп өлгөндөр болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. 25-26-ноябрь күндөрү көз жумган үй-жайсыз 12 кишинин үчөө гана тоңуп өлгөн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

ӨКМ кайрадан шашылыш билдирүү таратты. Күн кескин сууктайт
Кечээ Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун директору Данияр Кошоков акыркы эки сутка ичинде сууктан 12 кишинин каза тапканын айткан. 27-ноябрга караган түнү термометр -10 градусту көрсөтүп турду.

Министрлик экспертизадан кийин үч гана кишинин тоңуп өлгөнү такталганын белгилеп, калгандарынын өлүмүнө башка нерселер себеп болгонун кошумчалады.

Мындан тышкары, акыркы 10 күн аралыгында Тез жардам кызматы көчөдө калган 11 кишини алып кеткен. Алардын баары медицина мекемелерине жана баш калкалоочу жайларга жеткирилгени айтылды.