"БеспределKG" баракчасынын администратору эки айга чейин камакта болот

Ал адам 24-январга чейин камакка алынган. Атайын кызмат "Аймак аралык кастыкты козутуу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.
Sputnik

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Facebook тармагындагы "Беспредел KG" баракчасынын администратору эки айга камакка алынгандыгын билдирди.

Атайын кызматтан жаңы комментарий берип, камалган киши соцтармак колдонуучуларына билип туруп эле калп жана чагымчыл маалыматтарды таратты деди.

"Алар адамдардын мыйзамсыз жана зордук-зомбулук аракеттерин ойгото турган калың элдин арасында терс маанайды жаратты. Жыйынтыгында аймактар аралык кастыктын отун жагып, бири-бирине жек көрүүчүлүк пайда болду", — деп айтылат маалыматта.

Депутат Канат Исаевдин агасы Талант Исаевге кылмыш иши козголду
Буга чейин УКМКдан 24-ноябрда социалдык тармактын колдонуучусу — А. Ж. аттуу адам кармалгандыгын билдирген.

Биринчи Май райондук сотунан анын баш коргоо чарасы каралып, 2020-жылдын 24-январына чейин УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилди.

Маалымат кызматынан токтомдо шектүү соцтармактагы кайсы баракчанын администратору экендиги көрсөтүлбөгөндүгүн тактап айтышты.

Материалдар Жазык кодексинин 313-беренсинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун («Аймак аралык кастыкты козутуу») негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.