Владимир Путин Кыргызстанга бейшембиде келет

Бишкекте өтө турган ЖККУга мүчө мамлекеттердин президенттеринин отурумуна катышары маалымдалган. Анда бул аймактагы эл аралык жана регион ортосундагы коопсуздук маселелери талкууланмакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 27-ноя.— Sputnik. Россия президенти Владимир Путин бейшембинин таңында Бишкекке учуп келет. Бул туу

Сергей Лавров Кыргызстандын Дипакадемиясынын ардактуу профессору болду
расында РИА Новости жазды.

Россия лидери Санкт-Петербургдан түз эле Кыргызстанга келерин анын маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирген.

"Машакаттуу бул күндөн кийин ( Санкт-Петербург — ред.) ал (Путин — ред.) учакка отуруп эле Бишкекке учат да, эртең ал жерден да иштейт", — деп айткан ал журналисттерге.

Буга чейин Путиндин Бишкекте өтө турган ЖККУга мүчө мамлекет башчыларынын саммитине катышары маалымдалган. Анда эл аралык жана аймактар ортосундагы коопсуздук маселелери талкууланары айтылган.

Жамааттык коопсуздук жаатындагы уюмду түзүү келишимине 27 жыл мурда, 1992-жылдын 15-майында, кол коюлган. ЖККУнун башкы максаты — аталган биримдикке кирген өлкөнү тышкы саясий агрессиядан, эл аралык террорчулуктан жана жаратылыш кырсыктарынан сактоо.