Сергей Лавров Кыргызстандын Дипакадемиясынын ардактуу профессору болду

Борбор калаада Россиянын ТИМ жетекчисине мантия кийгизишип, шахмат белек кылышты. Эми ал Дипломатиялык академиянын ардактуу профессору болуп калды.
Sputnik

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстандын дипломатиялык академиясынын ардактуу профессору болду.

Аталган жогорку окуу жайдын ректору Чынара Адамкулова Лавровго мантия кийгизип, шахмат белек кылды.

Дипломат мындай наамга ээ болуу ал үчүн сыймык экендигин билдирип, атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматов да Дипакадемиянын профессору болгондугун белгиледи.

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев Лавров быйыл Кыргызстанга төртүнчү ирет келип жаткандыгын белгиледи. Кыргызстандык дипломат Россиянын ТИМ жетекчиси профессор укугу менен Бишкекке көбүрөөк каттап турат деген ишеними бар экендигин айтты.