Кондучалованын күйөө баласы болгон. Каскадер Үсөн Кудайбергенов тууралуу 8 факты

Белгилүү каскадер жана режиссер Үсөн Кудайбергеновдун көзү тирүү болгондо бүгүн 70 жашка толмок. Каскадерлордун далайын таптап, аларды эл аралык аренага чыгарган инсан кыргыз элинин камчыга сап уулдарынын бири эле.
Sputnik

Sputnik Кыргызстан агенттиги таланттуу инсандын өмүрү, чыгармачылыгына көз чаптырып, замандаштары жана шакирттерин сөзгө тартып, ал жөнүндө кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Өспүрүм чабандес. Үсөн Кудайбергенов 1949-жылы 27-ноябрда Чүй облусунун Жайыл районундагы Сары-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Мектепте билим алып жүргөн кезинде эле борбор калаада жаңы ачылган цирктеги чабандестердин катарына кошулат. Кийин Москвадагы Кинематография институтунда билим алып, тасмаларга тартыла баштаган.

Кондучалованын күйөө баласы болгон. Каскадер Үсөн Кудайбергенов тууралуу 8 факты

Гиннеске кирген биринчи кыргыз. Жаш талант 19 жашында "Жамийла" көркөм тасмасына кооптуу эпизодду аткарып тартылган. Андан соң Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Италия, Франция, Германия Россия, АКШ жана Индия өлкөлөрүнүн тасмаларына актер, каскадер катары катышкан. Кудайбергенов 1980-жылдардын башында "Генийдин өспүрүм кези" фильминде Сыр-Дарыяга 27 метр бийиктен аты менен секирип дүйнөлүк деңгээлде таанылган. Ал трюгу менен Кыргызстандан биринчилерден болуп Гиннес китебине кирген.

Каскадерлордун башында турган. Үсөн Кудайбергенов менен чогуу иштешкен кесиптештери каскадер айтканынан кайтпаган, баштаган ишин таштабай, бекем тартипти туу туткан инсан болгонун эскерет. Кайра куруу жылдарында Борбор Азияда биринчи жолу Каскадерлор ассоциациясын негиздеген. Ал өзүнүн кесипкөйлүгүнүн аркасында чет элдик киночулар менен киностудияларды Кыргызстанга алып келип, түрдүү долбоорлорду ишке ашырган. Мындан сырткары, ал кыргыз каскадерлорун тарбиялап башын бириктирген. "Актер чыгармачылык дегенде ичкен ашын жерге коюп, эч кимден жардамын аябаган адам болгон" деп замандаштары эскерет.

Кондучалованын күйөө баласы болгон. Каскадер Үсөн Кудайбергенов тууралуу 8 факты

Камчыга сап уул. Эч нерседен тайманбаган Кудайбергенов өлкө эгемендик алып, калк башынан оор кыйынчылыктарды өткөрүп жаткан маалда элине бел болгон. Ал "Манас" эпосунун 1000 жылдыгын өткөрүүгө жигердүү катышкан. 1999-жылдагы Баткен окуясында өзүнүн чогуу иштеген балдары менен чек арачыларга жардам берип, 2005-жылдын март айындагы Бишкектеги башаламандык маалында элдик кошуун түзүп талап-тоноолорго каршы туруп, стратегиялык объектилерди коргоо ишинин башында турган.

Темир тор артында калган каскадер. 1995-жылы өлкөдө "Манас" эпосунун 1000 жылдыгы белгиленип, ал чоң иш-чаралар менен коштолгон. Анда Үсөн Кудайбергеновго чабандестерди даярдоо милдети жүктөлгөн. Каскадер эки миллион сомго ат алып, атайын команда чогултуп даярдык көргөн. Бир нече жыл өткөндөн кийин 2000-жылы ага каражатты сарамжалдуу колдонгон эмес деген кине коюлуп, эки жылга соттолуп кеткен.

Кондучалованын күйөө баласы болгон. Каскадер Үсөн Кудайбергенов тууралуу 8 факты

Дүйнөнү багындырып... Өзүнүн чыгармачылыгында Голливуд, Россиянын Каскадерлор ассоциациясынын атайын мүчөсү, Кыргызстандын Панкратион федерациясынын президенти болгонго жетишкен. Ал кесибин 30 жылдан ашык аркалап дүйнөгө таанымал Ричард Тайсон, Марк Дакаскос жана Эрик Норрис менен иштешип, бир катар белгилүү киностудиялар менен кызматташып, 300дөн ашык тасмага катышкан.

Намыскөй күйөө бала. Жеке жашоосунда Кудайбергенов эки жолу үй-бүлө курган. Алгач Күлүйпа Кондучалованын жалгыз кызына бош кошуп, жубайлар бир кыздуу болушкан. Ошол кездеги Кыргыз ССРинин маданият министри жаш жубайларга Фрунзе шаарынан үч бөлмөлүү батир алып берген. Бирок Үсөн жубайы менен түтүн булатуудан баш тартып, өз алдынча тиричилик жүргүзө турганын айткан. Экинчи жолу өзбекстандык актриса Альмира Исмаиловага үйлөнүп эки уулдуу болгон.

Кондучалованын күйөө баласы болгон. Каскадер Үсөн Кудайбергенов тууралуу 8 факты

Кылмышкерлерге каршы чыгып… Үсөн Кудайбергенов 55 жашында белгисиз адамдар тарабынан өз үйүндө атып өлтүрүлгөн. Артында калган эки уулу менен келинчеги чет өлкөгө чыгып кеткен. Укук коргоо кызматкерлери адам өмүрүн алган кылмыштын бетин ача алган эмес. Айрым маалыматтар боюнча, ал ишкерлерден мыйзамсыз акча доолаган кылмыштуу топко каршы чыгып, алардын курмандыгына айланганы айтылат.