Токаевдин сапары: кол коюлган документтердин тизмеси

Кыргызстан менен Казакстан соода-экономикалык, саламаттык сактоо, маданият тармагында, көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин жакшыртуу жана башка маселелер боюнча кызматташууну чыңдайт.
Sputnik

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бир нече документтерге кол коюлду.

Алар:

- Кыргызстан жана Казакстандын мамлекет башчыларынын биргелешкен Декларациясы;

- Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы кызматташтыктын 2020-2022-жылдарга комплекстүү программасы;

Нурсултан Назарбаев Сооронбай Жээнбековго салам жолдоду
- "Ак-Тилек" жана Казакстандын "Карасу" өткөрмө пункттарынын ортосуна жаңы көпүрө куруу жана азыркы көпүрөнү реконструкциялоо боюнча биргелешкен өз ара аракеттер жөнүндө Макулдашуу;

- Кыргыз өкмөтү менен казак өкмөтүнүн ортосундагы миграция чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;

- Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы менен Казакстандын Коргоо министрлигинин ортосундагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн жана Казакстан Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскер-аба майдандарында аскер аба кемелерин кабыл алууну, аэродромдук-техникалык камсыздоону жана кайтарууну уюштуруу тууралуу Келишим;

- Кыргызстандын Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы менен Казакстандын Финансы министрлигинин Финансылык мониторинг боюнча комитетинин ортосундагы экономикалык жана финансылык кылмыштарга каршы күрөшүүдө кызматташуу тууралуу Келишим;

- Кыргызстындын Саламаттык сакто министрлиги менен Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы өз ара кызматташуу тууралуу Келишим;

Кыргызстан менен Казакстанды бир туугандыктан башка дагы эмне байланыштырып турат
- Кыргызстандын Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен Казакстандын Соода жана интеграция министрлигинин техникалык жөнгө салуу жана метрология боюнча комитетинин ортосундагы метрологиялык көзөмөл жүргүзүү чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу боюнча өз ара кызматташуу тууралуу Меморандум;

- Кыргызстандын Инвестицияларды коргоо боюнча агенттиги менен Казакстандын "КазахИнвест" УК акционердик коомунун ортосундагы Келишим;

Мамлекеттер аралык Жогорку Кеңештин V отурумунун жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдерге кол коюлду:

- Кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары карай өнүктүрүү жөнүндө;

- Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын өткөрмө пункттары жөнүндө;

- Логистика чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө;

- Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташуу жөнүндө.