Касым-Жомарт Токаевди аэропорттон Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Видео

"Манас" аэропортунда Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик желектери илинип, Ардактуу кароол тизилген.
Sputnik

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик сапары менен Кыргызстанга келди. Аны Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропортунан президент Сооронбай Жээнбеков өзү тосуп алды.

Жолугушуунун видеосун Токаевдин маалымат катчысы Берик Уали Facebook баракчасына жарыялады.

Сапардын алкагында президенттер "Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексине жана Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барышат.

Мындан тышкары, Касым-Жомарт Токаев 28-ноябрда Бишкекте боло турган Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги отурумуна катышат.