Кыргыз-казак чек арасындагы эки ири көзөмөл-өткөрүү пункту оңдолот

Казакстандын президенти кыргыз-казак чек арасындагы төрт көзөмөл-өткөрүү пунктунун иши кандай өзгөрөрүн айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы эки ири көзөмөл-өткөрүү пункту оңдоло турганын президент Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы тууралуу журналисттерге маалымат берип жатып билдирди.

Анын айтымында, чек ара боюнча кызматташуу акырындык менен оңолуп келе жатат. Бул жаатта кызматташтыкты арттыруу үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө.

"Жакын арада "Ак-Жол — Кордай" жана "Ак-Тилек — Карасу" көзөмөл-өткөрүү пункттарын оңдоо пландалып жатат", — деди ал.

Токаев, андан сырткары, "Токмок" — "Сарытобе" жана "Кең-Булуң" — "Аухатты" көзөмөл-өткөрүү пункттары эки тараптуудан көп тараптуулукка өтөрүн кошумчалады. Ошондой эле "Кичи-Капка" көзөмөл-өткөрүү пункту иштеп, "Каркыра – Кеген" көзөмөл-өткөрүү пунктунун иштөө режимин өзгөртүү пландалып жатканын белгиледи.