Аламүдүндө үй өрттөнүп, ээси каза болду

Жыгач устундуу темир жабылган үйдүн 40 чарчы метр чатыры жана ага жанаша жайгашкан чарбалык курулуш өрттөнгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Аламүдүн районунун Озерное айылында турак үй күйүп, 64 жаштагы үй ээси каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Жыгач устундуу темир жабылган үйдүн 40 чарчы метр чатыры, ага жанаша жайгашкан чарбалык курулуш өрттөнгөн. Анын кесепетинен үй ээси көз жумуп, тамдын жанындагы короодо турган бир торпок өлдү.

ӨКМ электр жабдууларын пайдаланууда техникалык эрежелер бузулганын айтты.