Лукашенко, Рахмон жана Пашиняндын учуп келген самолеттору. Сүрөттөр

ЖККУ саммитинде эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелери талкууланат. Иш-чара 28-ноябрга белгиленген.
Sputnik

БИШКЕК, 27-ноя. – Sputnik. Бишкекке Белоруссия, Тажикстандын президенттери менен Армениянын премьер-министри келди.

Александр Лукашенко, Эмомали Рахмон жана Никол Пашинян Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кеңешинин жыйынына катышмакчы. Өкмөттүн маалымат кызматы саясатчылар учуп келген №1 борттордун сүрөтүн жарыялады.

Өлкө башчыларын “Манас” аба майданынан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды. Кыргызстандын астанасын алар боорсок ооз тийип атташты.

Саммитте эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелери талкууланмакчы.