2020-жылы туристтер үчүн эң кооптуу делген өлкөлөр аталды

Тизменин сап башында Африка менен Жакынкы Чыгыш мамлекеттери турат. Эксперттер кооптуу делген өлкөлөргө барганда безгектен тарта гепатитке чейин жуктуруп алуу коркунучу бар экенин эскертет.
Sputnik

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Travel Risk Map сайтынын эксперттери 2020-жылы эң кооптуу болгон туристтик багыттардын тизмесин жарыялаганын "Известия" басылмасы жазды.

Ойго алып койчу 10 жер. 2020-жылы саякаттайм дегендерге сунушталган тизме
Ага ылайык, тизменин сап башында Африка менен Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттер турат. Мисалы, Гвинеяга барам деген кишилер безгектен тарта гепатитке чейин жуктуруп алышы ыктымал. Андан сырткары, уулуу жыландар менен бакалар да тобокелчилик жаратат.

Ал эми Йеменде антисанитария менен жарандык согуш да туристтерди чочутат.

Эксперттер, мындан тышкары, Афганистанга барууну сунушташпайт, себеби окко учуп каза болушуңуз ыктымал.