БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Чет өлкөдөн алып келинген оң рулдуу автоунааларды мыйзамсыз каттаган деп "Унаа" мамлекеттик ишканасынын кызматкери кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшү кызматы коррупциялык жол менен 10 автоунаа каттоого алынганын аныктаган.
Ыкчам тергөө иш-чараларынын натыжайсында мыйзамсыз ишке барган делип "Унаа" ишканасынын Бишкек шаардык бөлүмүнүн аймактар аралык секторунун Б.М.И. аттуу адиси кармалган. Ал жең ичинен сүйлөшүп ар бир машинанын ээсинен 100-200 доллардан алып, оң рулдуу экенине карабай каттоого койгону айтылат.
Б.М.И. аттуу кызматкердин баш коргоо чарасы тандалып, эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Азырка тапта мындай ишке тиешеси бар дагы башка адамдарды аныктоо аракети жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, 2015-жылдын 3-июнунан тарта оң рулдуу транспорт каражаттарынын бардык түрүн Кыргызстанга алып кирүүгө тыюу салынган.