БИШКЕК, 26 ноя — Sputnik. Бишкек мэриясы автоунаа токтотуучу жана жеңил курулуштар үчүн 7 миллион 450 миң сомдук келишимди бир жылга узартты. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Райондорго бөлүп караганда абал төмөнкүдөй:
- Ленин району — 3 миллион 548 миң 485 сом;
- Биринчи Май району — 1 миллион 237 миң 252 сом;
- Октябрь району — 1 миллион 798 миң 40 сом;
- Свердлов району — 865 миң 940 сом.