Банк филиалынын тонолушу. Окуя болгон жердин сүрөтү жана чоо-жайы

Шектүүлөр банкка негизги эшик менен кирип келип, акчаны алып, кайра арткы эшик аркылуу чыгып кетишкен. Мекеменин күзөтчүсү жабыркаганы маалым болду.
Sputnik

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы "ЭкоИсламикБанкынын" тонолгон филиалынын сүрөттөрүн салды.

Белгилей кетсек, бүгүн саат 8:47лер чамасында бет кап кийген белгисиз эки киши Сухэ-Батор менен Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги банктын филиалына курал менен кирип келишкен. Алар жеке күзөт кызматынын күзөтчүсүн сабап, кассадагы акчаны алып кетишкен.

Таксисттин колу-бутун байлап камышка ыргытып жиберген. Шектүүлөр кармалды
Окуя болгон жерге келген укук коргоо органдары күзөтчүнүн "Кумай Секьюрити" агенттигинде иштеген адам болгонун айтышты. Ал сыртка тамеки алуу үчүн чыгып, кайра дааратканага кирген. Бул учурда эки бейтааныш киши кирип келип, аны дааратканадан сабап, тапанча менен кассирди коркутушкан. Шектүүлөр негизги эшик менен кирип, арткы эшик аркылуу чыгып кеткен.

Алдын ала маалымат боюнча, миллион сомдон ашуун каражат алып кетишкен.