Радио

Абдылдаев: "Бурана" эл аралык мода жумалыгы алгачкы ирет өтүп жатат

BURANA FASHION WEEK-2019 мода жумалыгынын уюштуруучуларынын бири Ынтымак Абдылдаев Кыргызстанда эл аралык деңгээлдеги алгачкы дизайнерлик көргөзмө 26-29-ноябрда өтө турганын айтты.
Sputnik
Абдылдаев: "Бурана" эл аралык мода жумалыгы алгачкы ирет өтүп жатат

Иш-чарага коңшу Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, алыскы Испания, Франция сыяктуу 15 мамлекеттен белгилүү дизайнерлердин келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Ынтымак Абдылдаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жумалыктын максаты тарыхый сепил Бурана мунарасын, кыргыз кийимин жана модасын чет өлкөгө таанытуу болуп саналат.

"BURANA FASHION WEEK-2019 мода жумалыгынын негиздөөчүсү —  Надира Бегим. Буга чейин август айында Ысык-Көлдө эл аралык көчмөндөр модасы боюнча көргөзмө болгон. Иш-чарага 10дон  ашык өлкөдөн дизайнер келип, ошондон улам аталган жумалыкты өткөрүү идеясы келген. Бул көргөзмөнүн бир тематикасы жок. Чыгармачыл адам өзү каалагандай эмгектерин элдин назарына коет. Албетте, көбүнчө улуттук кийимдер болот. Андан тышкары, авангарддык стилдеги Алия Эдилова деген дизайнердин эмгектери Айтматовдун чыгармаларына арналган. Ошондой эле дизайнерлик кийимдерди сатып алууга да болот. Жумалык үч чоң бөлүктөн турат. Биринчи үч күн жаш дизайнерлер бирикмеси уюштурган костюмдардын көргөзмөсү болот. Экинчи этапта кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси уюштурулган. Ал эми жыйынтыктоочу иш-чара катары 28-29-ноябрда чоң гала көргөзмө болот. Ал жактан белгилүү дизайнерлер менен көрүшүп, сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт", — деди Абдылдаев.

Ал Кыргызстанда дизайнерлик костюмдарга кызыгуу, буюртмага кийим тиктирүү жаңыдан гана жанданганын кошумчалады.