БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Ата-эненин чылым чегүү, ичимдик ичүү сыяктуу жаман адаттары балага өтөт. Мындай бүтүмгө Гарвард университетинин медициналык мектебинин (АКШ) окумуштуулары келгенин Daily Mail басылмасы жазды.
Адистер АКШнын айрым штаттарында анаша колдонууга уруксат берилгенден кийин жогорку класстагы мектеп окуучуларынын арасында бул баңгизатын колдонгондордун саны алты пайыздан ашканын көрүп, иликтөө жүргүзүүнү чечишкен.
"Ал үчүн окумуштуулар 25 миң үй-бүлөнүн балдарын (12-17 жаштагы) сурамжылоого алган. Дарыгерлер анаша колдонгон өспүрүмдөрдү ата-энеси бул баңгизатты колдонгон жана колдонбогон балдар деп эки топко бөлүшкөн. Жыйынтыгында ата-энесинин жаман адатын көрбөгөн балдар көргөндөргө караганда 2,5 эсе аз болуп чыккан", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан улам адистер баланын жаман адатка аралашып кетишине көпчүлүк мурда ойлогондой теңтуш, достору эмес, биринчи кезекте ата-эне өзү себеп болот деген бүтүмгө келди.
Анткени бала үйдө болуп жаткандан кийин бул нормалдуу көрүнүш деп эсептеп, өзү дагы адатка айлантат.