Жээнбеков ЖККУнун башкы катчысынын милдетин аткаруучуну кабыл алды. Эмне талкууланды

ЖККУнун башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков уюмдун 2018-жылы ноябрдагы жыйынынын чечимдерин ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планынын аткарылышы жөнүндө маалымат берди.
Sputnik

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериковду кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков Кыргызстан регионалдык жана эл аралык актуалдуу маселелерди кароодо ЖККУнун ролун жана маанисин жогорулатууга кызыкдар экендигин белгиледи.

ЖККУнун башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков уюмдун 2018-жылы ноябрдагы жыйынынын чечимдерин ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планынын аткарылышы жөнүндө маалымат берди. Жээнбековго Уюмга ийгиликтүү төрагалык кылгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, белгиленген приоритеттер толук кандуу аткарылгандыгын баса белгиледи.

ЖККУ саммитинин маалында ири көчөлөр жабылат. Тизме
Валерий Семериков 2019-жылдын 27-28-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешине тышкы иштер министрлер кеңеши, коргоо министрлеринин кеңеши жана ЖККУ Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин биргелешкен жыйындарына кароого киргизүүгө документтер даяр экендигин маалымдады.

Ошондой эле 2019-жылдын 28-ноябрында Бишкек шаарында өтө турчу ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынына даярдыктардын алкагында актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.