Шейшембиге карата аба ырайы

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. 26-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу аймактарында бир аз кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүй, Талас, Нарын аймактарында -2...-7, Ысык-Көл жергесинде -1...-6, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында 0...5 градус жылуу болот.

Бишкек, Ош шаарларында кар жаабайт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада -3…-5 , Ошто 0…2 градусту көрсөтөт.