Райым Матраимовдун камалышын талап кылгандар. Митингден 13 сүрөт

Sputnik

Чогулгандар акцияны Кыргызстандын гимнин аткаруу менен баштап, андан соң "Райым камалсын!", "Уурулар түрмөгө!", "Реалдуу реформа!" деп кыйкырышты. Ак үй тарапка сары кагаз көрсөтүп, коррупцияга каршы чечкиндүү күрөшүүгө чакырык ташташты.

Саат 11.30да башталган митинг бир жарым саатка созулуп, жарандык пикирин айтууга келгендер кайра тынч тарап кетишти.

1 / 13
Коррупциялык иштерди ооздуктоону талап кылган жарандар Ак үйдүн алдына акцияга чыгышты
2 / 13
Митингге келгендердин басымдуу бөлүгүн улан-кыздар түздү. Жалпысынан миңден ашуун адам чогулду
3 / 13
Катышуучулар Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун элеси түшүрүлгөн сүрөттүн алдына "Камалсын" деп жазып алышкан
4 / 13
Бул акциянын уюштурулушуна бажыдагы коррупциялык иштер жана миллиондогон акча сол чөнтөккө кетип жатканы боюнча журналисттик иликтөө себеп болду
5 / 13
Чогулгандар "Райым камалсын!", "Уурулар түрмөгө!", "Реалдуу реформа!" деп кыйкырып жатышты
6 / 13
Митингдин уюштуруучулары Райым Матраимовдун элеси түшүрүлгөн сүрөттөрдү келгендерге таратып жатты
7 / 13
Жарандар саат 11.30да Апрель коогалаңында каза болгондорго арналып тургузулган монументтин жанына чогулушту
8 / 13
Андан соң Ак үй тарапка бет алып талаптарын кайталап кыйкырышты
9 / 13
Акцияны бир модератор гана башкарып, башка эч кимге сөз берилген жок
10 / 13
Айрымдары термос менен ысык чай алып келип, үшүгөндөргө берип жатты
11 / 13
"Керек болсо балкондо жашагандар да келди, демек абал чындап эле начар" деген лозунг көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Адатта жаштар балкондо жашагандар деп шаарда чоңойгондорду айтышат
12 / 13
Катышучуулар коюлган үч талапка макулдугун билдирип кол коюп кетишти
13 / 13
Митинг бир жарым саатка уланып саат 13.00дөн кийин тарашты.