Митингдин Ак үйдөн көрүнүшү. Сүрөт

Активисттер Бишкектин борборунда тынчтык митингин уюштуруп бир нече талаптарды коюшту. Алардын арасында Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовду камоо да бар.
Sputnik

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Социалдык тармакта тынчтык митингинин парламенттин имаратынын жогорку кабаттарынан тартылган сүрөт тарады.

Ал "Сейчас KG" Telegram каналына жарыяланды.

Бир катар активисттер Жогорку Кеңештин имаратынын алдында коррупцияга каршы тынчтык митингин өткөрүштү. Ал 11:30да башталып, саат 13:00дөн өткөндөн кийин аяктады. Алдын ала маалымат боюнча, ага 500дөй киши чогулган. Ал эми уюштуруучулар миңдей киши келгенин билдирди.

Бишкекте тынчтык митингине чогулгандар тарады
Өткөн жумада Кытайдан ташылган аткезчилик боюнча бир нече ЖМКнын биргелешкен иликтөөсү жарыяланган. Анда бир тууган Матраимовдор, атап айтканда, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов ишкер Хабибула Абдукадыр менен иш кылганы баяндалат. Материал 10-ноябрда Стамбулда өлтүрүлгөн ишкер Айэркен Саймаитинин көрсөтмөлөрүнө негизделген. Саймаити бир нече жыл ичинде Кыргызстандан 700 миллион доллардан ашык каражатты чыгарып кеткенин айтып берген. Ишкер өлөр алдында журналисттерге коррупциялык схемалар тууралуу билдирип, аларды далилдей турчу документтердин көбүн берип, айрымына үлгүрбөй калган.

Дал ушул журналисттик иликтөө активисттерди митингге чыгууга түрткөн.